Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жылдын белгилүү мезгилинде келип, учурунда кайра кетип туруучу (канаттуу куштарга карата). Келгин куштар. Келгин куштай улам жазга кайткандай, Мен да өмүргө улам кайра кайта алам (Осмонов). Көгөрүп жердин бак-шагы, Келгиндер келе баштады (Шүкүрбеков). 2. Бир жактан келген, жергиликтүү кишилерден эмес. Кербен сарайда конгон кишилердин кимиси жергиликтүү, кимиси келгин экенин билбейсиң (Абдукаримов). Далай үйдү мен быйыл, Жат келгинден арылттым (Үмөталиев). Пароход кайра жылды кош деп эми, Жаш келгин ылдам түшүп кала берди (Осмонов).